АЛТЫН РЫНОКТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:00, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН РЫНОКТОРУ – дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү дайыма алтын сатылуучу атайын борборлор. Аларда банк бирикмелери, ошондой эле алтынды тазалоочу, уюткан түрүндө даярдоочу, аны сатуучу атайын фирмалар соода кылат. Башкы эл аралык алтын рынокторуна Лондон жана Цюрих кирет. Бул рыноктордогу алтындын баасы анын дүйнөлүк баасы катары колдонулат.