АЛТЫН-ЖЫЛГА АЛТЫН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН-ЖЫЛГА АЛТЫН КЕНИ Баткен районунда. Сох суусунун оң жээгинде, Алтын-Жылга сайында, Кан кыштагынан 2,5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2000–2300 м бийиктикте. 1913-жылы табылган. 1987–92-жылдары изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин Алтын-Жылга массивинин гранодиорит, диорит жана монцонит-диориттери менен жирелген, девондун акиташ, доломит, алевролит, кумдук катмарларынан түзүлгөн. Кенташтануу (рудалануу) Алтын-Жылга массивинин монцонит-диориттеринин девондун акиташ жана доломит тектери менен болгон контактысындагы скарн тилкелери жана экзоконтактысындагы тик жантайган жаракалар менен байланышкан Кенташтануу алтын-скарндуу тарам тибине, алтын-сульфиддүү формациясына кирет. Негизги кенташ минералдары: халькопирит, борнит, арсенопирит, алтын, пирит ж. б. Кенташтагы алтындын орточо өлчөмү 7,6 г/т. Кенташтын запасы 1138 миң т. Алтындын запасы 8,636 т.