АК-БЕШИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:01, 16 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БЕШИМ (кыргызча ак; монголчо беш – са­рай, имарат; ак сарай, ак имарат, ак үй маани­синде; мурдагы аты – Чала‑Казак) – Чүй районундагы кыштак. Ак‑Бешим айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Чүй кыштагынан 4 км түштүк-батыш тарапта. Токмок те­мир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 970 м би­йиктикте. Калкы 3103 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана, өндүрүштүк окуу комбинаты, мончо, ФАП, мечит ж. б. бар.