АЙЫПКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫПКЕР – сот процессине чейин тергөө жү­рүшүндө ага карата тергөө токтому чыккан адам. Айыпкердин жазык иши сот отуруму (заседаниеси) дайындалгандан кийин соттолуучу адам деп аталат. Айыпталуучунун кылмыш иш жасал­гандыгы жөнүндө далилдер толук болгондо гана тергөөчү токтом чыгарат. Токтом ким тарабы­нан, качан, кайсы жерде түзүлгөндүгү, айыпкер ката­рына тартылуучу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, кылмыш кайсы убакта, кайсы жерде, кандай жагдайда, ошол адамдын жаса­ган кылмышы КРдин Жазык кодексинин кай­сы статьясы менен жазаланары көрсөтүлөт. Айыпкер өзүнүн эмне үчүн айыпталып жаткандыгын билүүгө, коюлган айып боюнча көрсөтмө жана түшүнүк, далил, өтүнүч берүүгө, анын адвока­ты, жазык иш тергелип бүткөндөн кийин иш­теги материалдар менен таанышууга укуктуу. Тергөөдө жана сотто айыпкер тергөөчүнү, экспертти, котормочуну, прокурорду жазык иштен четте­тилишин сурап, өтүнүч жасай алат, сот отуру­муна катышып, иш боюнча талап коёт, аппелля­ция иретинде каралган ишке катышып, ти­йиштүү өтүнүч менен кайрыла алат. Адвокаты тергөө жана сот органдарынын буйруктарына баш ийүүгө милдеттүү, өз эне тилинде сүйлөөгө жана котормочунун кызматынан пайдаланууга укук­туу. Буга айыпкердин коргоочусу да укуктуу. Тергөө жана сот органдары айыпкердин укугунун толук атка­рылышын камсыз кылууга милдеттүү. Айыпкер кор­гоочудан ар убакта баш тартууга укугу бар. Кор­гоочу менен келишим түзүлгөндөн кийин айыпкердин баш тартуу укугу жок. Айыпкердин жакын тууганда­ры жактоочу катары сот заседаниесине гана ка­тыша алышат. Тергөөдө адвокат гана катышат.
К. Сманов.