АЛТАЙ РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛТАЙ РЕСПУБЛИКАСЫ – Россия Федерациясынын курамындагы администрациялык бирдик. Сибирь федерация округуна кирет. Түштүгүнөн Монголия жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Аянты 92,9 миң км2. Калкы 209,2 миң (2009); алтайлыктар, орус, казак ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,2 киши. Борбору – Горно-Алтайск шаары; шаар калкы 26,4%. Администрациялык-аймактык жактан 10 районго, 1 шаарга бөлүнөт. Мамлекеттик бийлик органдарынын системасы Алтай Республикасынын Конституциясы (1997) тарабынан аныкталат. Мамлекеттик бийлик республика башчысы, Мамлекеттик чогулуш – Эл Курултайы (парламент), өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Республика башчысы – Россия Федерациясынын Президенти тарабынан сунушталып, Мамлекеттик чогулуш тарабынан бекитилет жана ошол эле учурда аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Жогорку мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүк) органы – Мамлекеттик чогулуш 41 депутаттан турат. Республиканын аткаруу бийлигинин жогорку органы – Өкмөт. Анын курамы республика башчысы тарабынан түзүлөт. Республика Батыш Сибирдин түштүк-чыгышында, Түштүк Сибирдин бийик тоолуу аймагында жайгашкан (эң бийик жери Белуха чокусу, бийиктиги 4506 м). Бийик кырка тоолорду (Катунь, Курай, Түндүк ж-а Түштүк Чүй ж. б.) «талаа» деп аталган өрөөндөр жана жазы чуңкурдуктар бөлүп жатат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –12°...–32°С, июлдуку 9–18°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (тоо аралык өрөөндөрдө) 1000 ммге чейин. Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Республиканын экологиялык абалы канааттандыраарлык. Дарыялары: Катунь, Бия, Чары ж. б.; көлү – Төлөс (Алтын-Көл). Кара жана тоонун күл топурактары басымдуу. Аймагынын 25%и токой. Ири чуңкурдуктарында тоо-талаа жана жарым чөл тибиндеги өсүмдүктөр өсөт. Алтын, күмүш, жез, молибден, вольфрам, курулуш материалдары казылып алынат. Алтайдын аймагынан таш дооруна таандык (төмөнкү палеолиттик Улалинка, мустье доорундагы Коркунучтуу, Усть-Канск ж. б. үңкүрлөрү, мезолиттик усть-семин маданияты, неолиттик ортоңку Катунь маданияты) тургун жайлар табылган.Коло доору Афанасьев маданиятынын (Балык Туу-Көл, Семи-Сарт) эстеликтери менен белгилүү. Эрте темир дооруна скиф–сибирь тибиндеги (анын ичинде пазырык маданиятынын эстеликтери: Үкөк, Туюктуу, Башадар ж. б.) коргондор таандык. Жакында 1997-жылы Алтай республикасындагы Локоть деген жерде биздин заманга чейинки 5–4-кылымга (сак мезгилиндеги урууларга) таандык табылган алтын адам тышкы түспөлү боюнча Ысык коргонунан (Казакстан) табылган Алтын адам менен окшош болуп, кийимдери толугу менен алтын пластиналардан турган. Анын буюмдарынын саны 1800гө жетип, салмагы 1 кгды түзгөн. Биздин заманга чейин 3-кылымдын аягы – 2-кылымдын башынан биздин замандын 1-кылымына чейин Алтай гунндардын мамлекетинин курамында келген. 2–4-кылымдарда алтайлыктарга сянбилер чоң таасир тийгизишсе, 4-кылымдын аягы 6-кылымдын ортосуна чейин алар жужандарга баш ийип келген. 552-жылы алтайлык түрктөрдүн өз алдынча мамлекети – Түрк каганаты негизделип, анын борбору Алтайдан Орхон дарыясынын жээгине которулган. Түрк кагандыгынын курамына Чоң Хинган кырка тоосунан Аму-Дарыяга жана Түндүк Кавказга чейинки аймактар каратылган. Кагандыктын чек арасы Түндүктө Енисей жана Тоолуу Алтай, түштүктө Улуу Кытай дубалы жана Тибетке чейин созулган. 581-жылы кагандык Чыгыш жана Батыш болуп бөлүнүп, Алтай Чыгыш Түрк кагандыгынын курамында калган. 8-кылымда Түрк кагандыгы кыйраган соң, Алтай Уйгур, кийинчерээк Кыргыз кагандыгынын курамына кирген. 8-кылымдан Aлтайда манихейизм дини таралган. 13-кылымдын башынан Монгол империясынын курамына кирген. 15-кылымдын ортосунан Түштүк Алтайдын калкы батыш монголдордун (ойроттордун) таасирине кирип, түндүк алтайлыктар (кумандиндер, тубалар, челкандар) кыргыздарга жана алтайлык телеуттарга көз каранды болгон.
17-кылымдын аягында алар Орус мамлекетинин букаралары болуп калышкан (алардын 100дөн ашуун улус, айылдары казынага ясак төлөшкөн). Цинь империясынын Жунгар хандыгына каршы согуштарынын мезгилинде (1755–57) хандыктын калкынын көпчүлүгү кырылып, 1756-жылы түштүк алтайлыктар (алтай-кижи, теленгиттер) орус букаралыгына өткөн. Алтайдын аймагы Сибирь губерниясынын (1756–79), Колыван облусунун (1779–83), Колыван (1873–96), Тобол (1796–1804) жана Томск губернияларынын (1804–1917) курамында келген. Алтайдын калкы негизинен көчмөн мал чарбасы, аңчылык жана кедр жаңгагын чогултуу менен кесиптенген. Убактылуу өкмөттүн чечими менен Томск губерниясынын карамагынан өз алдынча Алтай губерниясы (1917–25) бөлүнгөн. Дыйкан депутаттардын Алтайлык съездинде (1917, Улала кыштагы) Тоолуу Алтайдын Бий уездинин курамынан чыгаруу жана Кара-Корум–Алтай жана Ойрот Республикаларын (Орус жана Монгол Алтайын, Урянхайды, Жунгарияны камтыган) түзүү чечими кабыл алынган. Бирок, бул чечим Сибирде бийликтин А. В. Колчактын колуна өтүшүнө байланыштуу ишке ашкан эмес. 1919-жылы Улала кыштагынын Кызыл Армия тарабынан ээлениши менен Тоолуу Алтай РСФСРдин курамына кирген. 1922-жылы борбору Улала (1928-жылдан шаар статусун алган, 1932-жылы Ойрот Туру, 1948-жылдан Тоолуу Алтай) болгон Ойрот Автономиялуу облусу (1948-жылдан Тоолуу Алтай) түзүлгөн. Облус РСФСРдин курамындагы Сибирь (1925–30), Батыш Сибирь (1930–37), Алтай крайынын (1937–91) карамагына кирген. 1991-жылы Тоолуу Алтай ССРи, 1992-жылдан Россия Федерациясынын курамындагы Тоолуу Алтай Республикасы болуп кайра түзүлгөн. 1992-жылдан Алтай Республикасы.
Экономикасында өнөр жайдын үлүшү төмөн. Экономиканын негизин мал чарбасы түзөт. Кой-эчки, уй, топоз, жылкы асыралып, чаар бугу менен марал көбөйтүлүүдө. Тыбыт берүүчү эчкилери жогорку продуктуулугу жана тыбыты менен айырмаланат. Аары чарбасы, аңчылык өнүккөн. Токой, түстүү металлургия, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш (жоопкерчилиги чектелген «Майма-Молоко» коому; жогорку сапаттагы сыр чыгарат), курулуш материалдар, электр техникалык, металл иштетүү, машина куруу өнөр жайы бар. Тоют өсүмдүктөрү, дан эгиндери (буудай, сулу ж. б.) эгилет. Негизги транспорт магистралы – Чүй тракты. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 3396 км (анын ичинде 1217 км асфальтталган). Мамлекеттик университет (2003), драма театры, филармония, край таануу музейи, китепканалар бар. Too климаттык Чемал курорту иштейт.

                                                            С. Айткулова, А. Орозов.