АНУРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНУРИЯ (гр. ап – терс бөлүкчө жана uron – сийдик) – бөйрөктүн өтө начарлашынан заара бөлүнүп чыкпай, табарсыктын бош калышы. Анын пайда болушуна бөйрөктүн ар түрдүү ооруга чалдыгуусу, бала бөйрөксүз төрөлүп же кокусунан жалгыз бөйрөгүн алып таштоо, кан көп кетүү, бөйрөк кан тамырына, толтого кан уюп калуу, шок, узакка ич өтүү же тынымсыз кусуу, бөйрөк чөйчөкчөсүнө, же бөйрөк түтүкчөсүнө таш туруп калуу же заара жолдорунун шишиги себеп болот. Анда ооз кургап суусайт, кускусу келип, баш ооруйт, к. Уремия.