АНТРАНИЛ КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:32, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРАНИЛ КМСЛОТАСЫ, аминбензой кислотасы, H2N-C6H4-COOH – органикалык бирикме. Түссүз кристалл, молекулалык салмагы 137,13, б. эрүү t 144-145°С; жегичтерде ж-a минералдык кислоталарда жакшы эрийт; диссоцация константасы Кт =1,07-10 = (25°С). Антранил кислотасы фталамидцин жегич эритмесине натрий гипобромитинди же гипохлоритинди таасир кылуудан алынат. Уксус кислотасынын эритмелеринде Cd, Со, Си, Ni, Zn, Mo, Pb, Hg менен начар эрүүчү комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Антранил кислотасынын бирикмелери боёгуч заттарды ж-a синтездик жыпар жыттуу заттарды өндүрүүдө колдонулат.