АЛМАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМАЗ (грекче adamas ‒ «жеӊилбес», арабча ‒ алмас ‒ өтө катуу) ‒ минерал, таза көмүртектин (С) кристаллдык модификациясы. Табигый заттардын эӊ катуусу (Моос шкаласы боюнча 10) жана 1-класстагы асыл таш. Ал табигый жана жасалма (синтетикалык) алмаз болуп бөлүнөт.

Т а б и г ы й а л м а з куб системасында кристаллданат. Салыштырма салмагы 3‒5. Көбүнчө мөлтүр тунук, кээде

1. «Орлов» алмазы.
2. «Токтогул» алмазы.

өӊү агыш, саргыч, көгүлтүр, жашыл кызгылт, күрөӊ кара сур. Айрыкча түссүз тунугу өтө баалуу. Алмаз зергерлик менен кырдалгандан кийин, бриллиант (каухар) деп аталат. Алмаз кристаллынын салмагы 0,01 караттан 100, кээде 1000 каратка чейин жетет (1 карат 0,2 г). Суу жукпайт, жарыкка нурланат. Электр тогун начар өткөрөт. Кислоталар менен жегичтерге туруктуу. Селитранын эриндисинде жана содада (500°C температурада) эрийт. Абасыз жайда же инерттүү газда 3600°Сде графитке айланат. Алмаз алгачкы жана чачынды кендеринен казылып алынат. Алгачкы кендери байыркы калкандар менен платформаларда жайгашкан ультранегиздүү магмалык тоо тек ‒ кимберлитте гана кезигет. Кимберлит түтүкчөлөрүндө алмаз текши таралбастан, бирин-серин айрым кристалл түрүндө болот. Азыркы мезгилде кенташта (рудада) алмаздын өлчөмү 0,4‒0,5 кар/м3ге жеткен алгачкы кендер гана иштетилет. Табигый алмаздын пайда болушу тактала элек. Айрым изилдөөчүлөр алмаз жердин мантиясынын үстүнкү чегинде, башкача айтканда өтө тереӊдикте, кээси платформанын фундаменти менен чөкмө тоо тектердин чектешкен жеринде эле (2‒4 км тереӊдикте) пайда болот деп болжолдойт. Дүйнөдөгү алмаздын көбү (80‒85%) чачынды кендерден казылып алынат. Мындай кендерди иштетүү үчүн андагы алмаздын саны 0,25‒0,50 кар/м3 болууга тийиш. Жогорку сапаттуу алмаздын кендери Уралда, кимберлит түтүктөрү жана чачынды кендери Сибирь платформасында, Тиманда, Украинада, Казакстанда (Көкчө-Тоо), Кыргызстанда (Ат-Башы, Ак-Түз, Макмал, Надыр жана Кассах) табылган. Чет өлкөлөрдө алмаздын ири кендери Заир менен Түштүк Африка Республикасында, Ангола, Гана, Танзания, Канада, Австралия, Бразилия, Индия, Индонезияда бар. Дүйнөлүк рынокто алмаз зергерлик жана техникалык болуп бөлүнөт. Зергерлик алмаз негизинен кооздук үчүн колдонулуучу эӊ кымбат баалуу асыл таш. Анын баасы салмагына, тунуктугуна, тазалыгына жараша болот. Майда тунук эмес алмаз (борт, карбона дого окшогон түрлөрү) катуу тоо тектерди бургулоодо, металл жана таш иштетүү өнөр жайларында колдонулат. С и н т е т и к а л ы к а л м а з көмүртектен жана көмүртектүү заттардан жасалма жол менен алынат. Анын кристаллдык структурасы жана химиялык негизги касиеттери табигый алмаздыкындай. Алмаздын химиялык курамы белгилүү болгондон кийин (18-кылымдын акырында) көп өлкөлөрдө аны жасалма түрдө алууга аракет жасалды. Жасалма алмаз 1-жолу 1960-ж. СССРдин Илимдер Академиясынын Жогорку басымдар физикасы институтунда академик Л. Ф. Верещагиндин жетекчилиги астында алынган. Алмазды синтездөөдө басым менен температура чоӊ роль ойнойт. Абсолюттук нөл температурада алмаз жана графиттин ортосундагы термодинамикалык теӊ салмактуулуктагы басым 1500 Мн/м3 болуп, температура жогорулаган сайын басым көбөйө берет. Басым теӊ салмактуулуктан азайганда ‒ графит, ал эми ашыкча болгондо алмаз туруктуу болот. Ошондо да алмазды графитке жана графитти алмазга айландыруу үчүн температура эӊ жогору (2600°С) болушу керек. Синтезди оӊойлотуу үчүн графиттин кристаллдык торчосунан


АЛМАЗ86.png

бузууга жардам берүүчү ар түрдүү агенттер (темир, никель жана алардын куймалары) пайдаланылат. Реакция жүрүүчү аралашмага кошула турган заттар алмаздын кээ бир (электрдик жана оптикалык) касиеттерин жакшыртуу үчүн колдонулат. Мисалы, бор кошундусу алмаздын кристаллдарына ачык көгүштөн күрөӊ кызгылтка чейинки өӊдөрдү берет. Алмаздын кристаллдарынын формасы менен түсү температуралык режимге жараша: жогорку температурада синтездегенде ‒ тунук октаэдр, температура бир аз төмөндөгөндө ‒ куб октаэдр, ал эми төмөнкү температурада кара түстөгү куб кристаллдар алынат да, алар абразивдүү материалдар катары пайдаланылат.
Ад.: Шафрановский И. И. Алмазы. М‒Л., 1964; Коломейская М. Я. Натуральные и синтетические алмазы в промышленности. М., 1967; Трофимов В. С. Основные закономерности месторождений на древних платформах и в геосинклинальных областях. М., 1967; Харькив А. Д., Зинчук Н. Н., Крючков анын ичинде Коренные месторождения алмазов мира. М., 1998; Лаврова Л. Д., Печников В. А., Плешаков А. М. Новый генетический тип алмазных месторождений. М., 1999.