АНДРОМЕДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДРОМЕДА (Andromeda) – асман сферасынын Түндүк жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш Андромеда тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. Андромеда топ жылдызынын а, b жана g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, Андромеда жана Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. Андромеданын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да а жылдызы.