АЛЛЮЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:11, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЮЗИЯ (лат. allusio ‒ белги берүү, жаӊсоо) ‒ жалпыга белгилүү өткөн окуялар же фактылар тууралуу белги берүү. Автор учурдагы коомдук-саясий абалга, кырдаалга карата өз оюн тике айтпай же цензурадан жашыруу үчүн өткөн бир окуяларды өз чыгармасында кыстарып кетиши мүмкүн, мына ушул көрүнүш аллюзия же реминисценция кубулушу деп аталат.