АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ – заттын сапаттык, сандык курамын аныктоо ыкмасы. Химиялык анализ сапаттык жана сандык, ошодой эле элементтик, молекулалык, функциялык, изотоптук, фазалык болуп да айырмаланат. Химиялык анализ салмактык (гравиметриялык) жана көлөмдүк (титриметриялык) ыкмалар менен жүргүзүлөт. Салмактык ыкмада аныкталуучу элементти анализденүүчү заттан эркин түрдө, чөкмө түрүндө же газ түрүндө бөлүп алып, анын салмагы ченелет. Көлөмдүк анализде эритмелердеги аныкталуучу ион менен реакцияга кирүүчү заттын белгилүү концентрациядагы эритмесинин көлөмүн өлчөйт.