АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Арашан суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 30–33 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500–800 м, деңиз деңгээлинен бийиктиги 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясынан жана үбөлөнүүдөн пайда болгон. Жогорку бөлүгү төрлүү (трог) келип, байыркы мөңгүнүн мореналарынан турат. Ортоңку жана төмөнкү бө­лүгү кууш, V формасында. Таманында жана тоо капталдарында карагай токойлорунун ири мас­сивдери бар. Шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа зоналары басымдуу. Минералдуу ысык булактар чыгат. Балдардын Ак-Суу санаторийи бар. Жайкы жайыт. Илимий, окуу-тарбиялык жана рекреациялык мааниси чоң.