АРАЛ кыштагы, Тогуз-Торо району
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Атай айыл округуна караштуу.
Колбор суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1359 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 18 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 428 км. Калкы 1611 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, оорукана бар.