АЛИМБАЕВ Пахридин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:10, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИМБАЕВ Пахридин (1892, Ош облусу, Ноокат району, Ак-Булак кыштак ‒ 1983, ошол эле район, Караван кыштагы) ‒ тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950). Эмгек жолун 1931-жылы катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы «Кызыл-Кыя» совхозунда тамеки өстүрүүчү бригадада иштеп, кийин звеного жетекчилик кылган. 1949-жылы ал башкарган звено 3,4 га тамекинин ар гектарынан 18,8 ц түшүм алган. 1951‒55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

АЛИМБАЕВ73.png