АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ Ош облусунун Алай районунда, Алик-Сөөк суусунун Терек суусуна куйган жеринен 1,5‒2 км жогору, деӊиз деӊгээлинен 3740‒3930 м бийиктикте. 1984‒87-жылдары геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Кенченин аймагында силур, девон жана карбондун карбонат-терриген катмарлары жайгашкан. Жаракалар менен кесилген плита сыяктуу бири-бирине жакын эки акиташ олистомиттери кенташты камтып турат. Сурьма кенташы жаспероиддер менен байланышып, узундугу 115 мге чейин, калыӊдыгы 1‒1,5 м болгон тарам түрүндөгү эки кенташ (руда) тулкусун түзөт. Сурьманын орточо өлчөмү 7,72%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 86,1 миӊ т, сурьманыкы ‒ 6600 т.