АЛИЕВ Эргеш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 9 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АЛИЕВ to АЛИЕВ Эргеш) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Эргеш (1905, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Сакалды айылы ‒ 7. 10. 1994, ошол эле жерде) ‒ милициянын генерал-майору (1956); Совет бийлигин чыӊдоого катышкандардан.

АЛИЕВ71.png

1948-жылы СССР ИИМдин жетекчи кызматкер даярдоо боюнча жогорку мектебин бүткөн. 1927-жылы Кыргыз атчандар дивизионунда кызмат өтөгөн, 1930‒33-жылдарда басмачылар менен күрөшүүгө катышып, отрядга командир болгон, милициянын Базар-Коргон, Токмок райондук бөлүмдөрүн жетектеген; 1934‒43-жылдарда милициянын Алай-Гүлчө райондук, Ош шаардык бөлүмдөрүнүн начальниги, Кыргыз ССР ИИЭКтин 107-атчандар дивизиясынын бөлүмүнүн начальниги, милициянын Ош облустук башкармалыгынын начальнигинин, 1943‒47-жылдарда милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1948‒56-жылдарда Кыргыз ССР ИИМдин милиция башкармалыгынын, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустук башкармалыктарынын начальнигинин орун басары, 1956‒59-жылдарда милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын начальниги, 1959‒68‒жылдарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген. ИИМдин эмгек сиӊирген кызматкери, республиканын тарыхында милициянын генерал-майор чинин эӊ биринчи алган. Анын ысмы менен КРдин ИИМинин Академиясы (2000), Ноокен районундагы мектеп (1994), Ош шаарынын көчөсү (1995) аталат. «Легендарлуу генерал» (1986) даректүү фильми, «Дайыма катарда» (2005) деген эскерүү китеби анын турмуш жолун чагылдырат. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 3 Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.