АРАЛ кыштагы Манас району
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ – Талас облусунун Манас районундагы кыштак. Кайыңды айыл округунун борбору. Райондун борбору Покровка кыштагынан 16 км, Жамбыл темир жол бекетинен 86 км. Деңиз деңгээлинен 1118 м бийиктикте жайгашкан. 1928-ж. отурукташкан. Калкы 1457 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, белгилүү Кыргыз эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин фольклордук-этнографиялык музейи, китепкана, маданият үйү, автоматташтырылган телефон станциясы, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, кыш заводу, айылга жакын гранит кенинин карьери бар.