АРАЛ кыштагы Токтогул району
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу. Жалабек тоосунун түндүк этегинде, Бала-Чычкан жана Чоң-Чычкан сууларынын ортосундагы аралда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 5 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 189 км. 1936-ж. отурукташкан. Калкы 1121 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта (тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо) эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.