АЛЕУТ АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЕУТ АРАЛДАРЫ ‒ Тынч океандын түндүгүндөгү 110 аралдан жана көптөгөн аскалардан турган архипелаг (АКШ, Аляска штаты). Дого сымал ийилип 1740 кмге созулуп жатат. Аянты 37,8 миӊ км2. Түлкүлүү, Андреяновский, Келемиштүү жана Жакынкы аттуу 4 арал тобунан турат. Аралдарынын көбү жанар тоо конусунан туруп, карга чүмкөлгөн. 25тей аракеттеги жанар тоо бар. Эӊ бийиги Шишалдина жанар тоосу (2860 м) Унимак аралында. Субарктика шалбаасы, тоолуу тундра өсүмдүктөрү өсөт. Балык, суу жолборс, түлөн уулоочу жай. Куну чарбасы бар. АКШнын Датч-Харбор аскер-деӊиз базасы (Уналашка аралы). Аскалары ‒ канаттуулар базары. Алеут аралдары алгачкы жолу 18-кылымда орус деӊиз саякатчылары тарабынан изилденген. 1867-жылга чейин Россияга таандык болгон (Аляска менен кошо АКШга сатылып кеткен).