АЛЕКСАНДР II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР II (17. 4. 1818, Москва ‒ 1. 3. 1881, Санкт-Петербург) ‒ Россиянын императору (1855‒81). Николай Iнин тун уулу. 1861-жылы крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө Манифест жарыялап, анын натыйжасында миллиондогон дыйкандар бошотулган. Мамлекетти башкарууда бир катар реформаларды (сот, цензура, шаар, земство, аскер ишине өзгөртүүлөр киргизүү ж. б.) жүргүзгөн. Өлкөдө темир жол куруу ж.б. өнөр жайлары өнүккөн, флот, армия чыӊдалган. 1863‒64-жылдары Польшадагы көтөрүлүштү баскан соӊ, Александр II революционерлерге, либералдык жана земстволук кыймылдын катышуучуларына каршы чаралар көрүп, бир нече жолу революционер-народниктердин үстүнөн ири саясий сот процесстерин уюштурган. 1870-жылдын аяк ченинен өкмөт тарабынан көп учурларда өлүм жазасына тартуу күч алган. Александр IIнин доорунда Россияга Кавказ жерлери (1864), Казакстан (1865), Орто Азиянын айрым (1865‒81) аймактары каратылган. 1865-жылы Россия империясы Ташкентти басып алган соӊ, Түркстан облусу (1868-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугу) негизделген жана жергиликтүү элдерге карата колониячыл саясатын уланткан. Жергиликтүү калкты Россия империясына баш ийдиргендиктин белгиси катары 1867-жылы Александр II менен жолуктуруу үчүн атайын кыргыз, казак, өзбек элдеринен 10 киши делегация дайындалган. Алардын ичинде кара кыргыздардын уруу башчыларынын бири, орус бийлигинен капитан чинин алган Байтик Канаев болгон. 1867-жылы 26-мартта Александр II аларды Санкт-Петербург шаарындагы Кышкы сарайда салтанаттуу түрдө кабыл алып, Байтикке өз колу менен III даражадагы Ыйык Станислав орденин жана каухар чөгөрүлгөн алтын шакек тапшырган. 1877-жылы Россия Балкандагы таасирин бекемдөө жана славян элдеринин улуттук-боштондук кыймылына жардам берүү максатында Түркия менен согуш баштаган. Александр II бир нече жолку өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуулардан кийин (1866, 1867, 1879, 1880), 1881-жылы 1-мартта Петербургда «Народная воля» уюмунун өкүлү таштаган бомбадан каза тапкан.