АПАТИТ КЕНТАШЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПАТИТ КЕНТАШЫ – апатит минералынын өлчөмү, бүртүкчөлөрүнүн формалары технологиялык иштетүүгө мүмкүндүк берген жанa экономикалык жактан казып алууга арзырлык табигый чогундусу. Апатит кенташы минералдык курамы боюнча силикат-оксидүү, силикаттуу, карбонат-силикаттуу, карбонаттуу жанa гидросиликат-гидроксидүү, Р205тин өлчөмүнө жараша бай (16% жогору), орточо (8-16%), жарды (4-8%) жанa аз кенташтуу (4% чейин) болуп бөлүнөт. Комплекстүү кенташта (рудада) апа­тит негизги же кошумча компонент түрүндө кездешет. Минералдык курамына жараша жеңил (Р205 апатит концентраты 90%тен ашык), канааттандырарлык (70–90%) жанa татаал (70%тен аз) ылгануучу таштарга бөлүнөт. Силикаттуу (апатит-нефелиндүү ж. б.) кенташ жеңил, карбонаттуу жанa гидросиликат-гидроксиддүүсү татаал ылганат. Ылгоонун негизги ыкмасы – флота­ция, ошондуктан кенташтагы апатиттин бүртүкчөлөрү 40 мкм төмөн болушу зарыл. Апатит кенташы пайда болуу шартына ылайык магматогендүү, метаморфогендүү жанa седиментогендүү болуп бөлүнөт. Алардан магматогендүү магма, апатиттүү-нефелиндүү сиениттердин массиви менен байланыштуу апатит-нефелиндүү (мисалы, Россиядагы Хибин жанa Ловозеро, Канададагы Сентилер ж. б. кендер) жанa карбонатиттүү (ультранегиздүү, жегичтүү тоо тектер жанa карбонатиттүү татаал комплекстер менен байланыштуу апатит сейрек металлдуу, мисалы, Россиядагы Ковдор, Финляндиядагы Сокли, Силинъярви, ТАРдагы Пхалаборва, Бразилиядагы Тапира ж. б.) ошондой эле се­диментогендүү – карбонатиттер боюнча үбөлөндү кыртыштан пайда болгон (апатит-франколит сейрек металлдуу кендер – Россияда Белозима жанa Ковдор, ТАРда Палабора, Финляндияда Сокли ж. б.) кендердин өнөр жайлык мааниси зор. Апатиттүү жанa курамында апатит комплекс­түү кенташтардын дүйнөлүк жалпы запасы млрд т. Анын 1/3 Россияда, ошондой эле Вьетнам, Бразилия, ТАР, Финляндия, Уганда, Норвегия, Зимбабве, Канада, Испания, Индияда ири кендери бар. Кыргызстанда апатит ошондой эле Кызыл-Омпол, Сандык тоолорундагы сиениттердин курамын­да бар. Апатит кенташы (фосфориттер сыяктуу эле) – не­гизги фосфат кенташтарын түзөт. Негизинен минералдык жер семирткич өндүрүү, фосфор кислотасын жанa туздарын, сары фосфорду алуу үчүн, ошондой эле металлургияда, карапа жанa айнек өндүрүшүндө пайдаланылат.