АПАТИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПАТИТ (грекче apate – алдаймын) – кальцийдин фосфор-кычкыл туз тобундагы минерал. Химиялык формуласы Са5 (F, С1) [Р04]3 Гексагон сингониясында кристаллданат. Апатит көгүш, жашыл, Кы­зыл ж. б. түстөрдө болот. Айнектей жалтырап, майланышкансыл турат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5. Азот, туз, күкүрт кислоталарында эрийт. Курамына жараша фторапатит, хлорапатит ж. б-га бөлүнөт. Фторанатитте 42,33%, хлорапатитте 41,1% фосфор ангидриди (РР205) болот. Апатит негизинен магмалык (нефелиндүү сие­нит, гранит, пегматит), ар кандай метаморфизм жанa фосфориттүү чөкмө тоо тектердин курамында, карбонатиттерде, кээ бир темир кенташтарында кезигет. Фосфор жер семирткичтери негизинен Апатиттен фосфориттен алынат. Металлургияда, карапа, тунук эмес айнектерди даярдоодо да кеңири колдонулат. Апатиттин ири кендери Кола жарым аралынан (Хибин) табылган. Кыргызстанда Кызыл-Омпол, Сандык тоолорундагы сиениттердин курамында бар. Чет өлкөлөрдө Швецияда (Кирунавара), Алжирде жанa Мароккодо белгилүү.