АОМЫНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:18, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АОМЫНЬ, М а к а о Чыгыш Азиядагы ай­мак. Кытайдагы өзгөчө администрациялык район. Түштүк К­ытай деңизинин жээгинде, Сицзян дарыясынын чатында жайгашкан. Аомынь жарым аралын, Ханьцзыдао (Тайпа), Цзюадао (Колоане) аралын камтыйт. Аянты 24 км2. Калкы 516,2 миң (2010); анын ичинде 95% кытайлар, 3% португалдар. Будисттер 45%, католиктер 7%, протестанттар 1%. Калкынын 46%ке жакыны эч кандай дин тутпайт. Администрация борбору – Аомынь шаары. Расмий тили – португал жана кытай тилдери. Акча бирдиги – патакака.
Аймагында байыртадан эле кытайлар отурукташып, Кытай империясынын бир бөлүгүн түзүп келген. 16-кылымдын башында 1557-ж. Аомындын жээгине кемелер менен португалиялык көпөстөр келишип, Кытай өкмөтүнүн уруксаты менен ижарага жер алышып, бекем фактория түзүшкөн. Андан соң иезуиттер келип, миссионерлик менен гана алектенишпестен, пайдалуу жагы көп жибек сатууга киришкен. Португалия мамлекети Аомынь аймагын сүргүнгө айдалчу жай катары да пайдаланышкан, 1550-жылдын 2-жарымынан португал акыны Л. Камоэнс сүргүндө бол­гон. Англия-кытай согушунан кийин (1840-42) Кытай мамлекетинин начарлашынан пайдаланып, Португалия 1848-жылдан ижара акысын төлөөнү токтотушуп, аймакты ээликке айланткан. 1941–45-ж. Япония басып алган. 1951-ж. Португалиянын «алыскы деңиз провинциясы» деген статус алган. 1987-ж. КЭР менен Португалия өкмөтүнүн биргелешкен макулдашуусунан кийин 1999-жылдын аягынан Аомынь аймагы Кытайга өткөн. Кытай өкмөтү Гонконгдогудай «бир өлкөдө – эки система» саясатын жүргүзүп келүүдө.
Ички дүң продукциясы (ИДП) 51,8 млрд долларды (киши баптына бөлүштүргөндө 87,3 миң доллардан туура келет; 2013) түзөт. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү – 87%, өнөр жайыныкы – 12%, айыл чарбасыныкы 1%. 1980-жылдан ИДП тез темп менен өсө баштаган. Ага аймактын географиялык абалы, соода кылууга ыңгайлуу шарттары, өндүрүштөрүнүн экспорттук товарларды чыгарууга багытталышы экспорттук, импорттук товарларга тарифтин жоктугу, салыктын төмөндүгү түрткү болду. Экономикасында калктын 62,3% (анын ичинде 18,3% – өнөр жайда, 29,5% – башкарууда жанa тейлөө чөйрөсүндө, 27%и соодада, мейманкана жанa ресторан бизнесинде, 8,9% финансы сферасында, 8% курулушта, 7% транспорт менен байланышта, 1,3% айыл чарбасында) эмгектенет. Экономикасынын негизин – туризм, текстиль буюмдарын, электрондук компоненттерди, оптика, оюнчук жасоо ж. б. түзөт. Туристтерди өзүнө тарткан (жылына 12 млндой турист келет; анын 48%и Кытайдан, 39%и Сянгандан, 9%и Тайвандан) кызыктуу кумар бизнеси (3,7 млрд доллар, ал бюджеттик кирешенин 1/3ин түзөт; 2003) өнүккөн. Аомынь Азиянын негизги офшордук финансы борборлорунун бири. Валютаны либералдаштыруу боюнча мыйзамдуулук капитал жанa валюта алмаштыруу операцияларын эркин жүргүзүүгө шарт түзөт; 20дан ашык банк (анын ичинде эл аралык ири банктардын бөлүмдөрү), 20дан ашык камсыздандыруу компаниялары иштейт. .
Университет (1991-жылдан), Политех, институт (1991), Азия эл аралык ачык университети, Туризм институту, Илим жанa технология жеке менчик университети иштейт. Ама храмы (16-кылым), музей, көптөгөн парктар бар.
Темир жол жок. Аомынь жарым аралы, Ханьцзыдао жанa Цзюадао аралы көпүрө аркылуу байланышат. Автомобиль жолунун узундугу 345,2 км (2003). Деңиз порту (Аомынь жарым аралында). Эл аралык аэропорту (Хань­цзыдао аралында) бар. Сыртка бут кийим, электро­ника, фарфор, оюнчук, химиялык продукциялар, кустардык буюмдар чыгарылып, сырттан сырьё, полуфабрикат, тиричилик товарлары, машина жанa жабдуу алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Кытай, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Сянган.

Р. Карачалова.