АЗОТ КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЗОТ КИСЛОТАСЫ, HN03 – бир негиздүү күчтүү кислота. Түссүз суюктук, тыгыздыгы 1,5 г/см3, кайноо t 86°С, суу менен жакшы аралашып, азеотроптук аралашманы пайда кылат. Суусуз таза Азот кислотасы абада түтөйт. Анын туздары жалпысынан нитраттар, ал эми Na, К,Са, NH4 туздары селит­ралар деп аталат. Күчтүү окистендиргич. Кон­центраттык Азот кислотасында металлдардын баары (алтын, пла­тинадан башка) окистенет. Концентрат бир көлөм (63% түү) Азот кислотасы жана үч көлөм туз кислотасынын ара­лашмасы «падыша арагы» деп аталат да, мын­да алтын жана платина металлдары эрийт. Өнөр жайда аммиакты катализатордун катышуу­сунда окистендирүү менен алынат: 4NH3+502= =4N0+6H20: 4N02+02+2H20=4HN03. Лабораториялык шартта концентрат күкүрт кислотасын нитраттарга таасир этүүдөн алынат: NaN03+H2S04=NaHS04+ +HN03. Өнөр жайда Азот кислотасы боёкторду, жарылгыч заттарды, азот жер семирткичтерин жана Азот кислотасынын туздарын алууда, металлдарды (жез, коргошун, кумуш) эритүүдө, алтын менен күмүштү рудадан ажыратууда колдонулат.