АЗОВ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЗОВ ДЕҢИЗИ (латынча – Меот көлү, байыркы орусча – Сурож деңизи) – Атлантика океаны­нын алабындагы ички деңиз. Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүк бөлүгүндө. Керчь кысыгы аркылуу Кара деңиз менен туташат. Аянты 39 миң км2. Тайыз деңиздерге кирет; эң терең жери 13 м. Түндүк жана түштүк жээктери дөбө‑дөңсөөлүү, жардуу, батыш жана чыгыш жээктери негизинен ойдуңдуу. Жээктери булуң‑буйткалуу, кумдуу саяндар (Бердянск, Арабат Жебеси) жана булуңдар (Таганрог, Темрюк, Сиваш) көп. Дон жана Кубань дарыялары куят. Суусунун температурасы жайында 20–30°С, кышында 0°Сден төмөн. 2–3 ай бою муз каптап жатат. Орточо туздуулугу 9дан 13,8%ге чейин. Балык (хамса, тюлька, лещ, судак көбүрөөк) кармалат. Кеме жүрөт. Волга–Дон каналы аркылуу Каспий, Ак, Балтика деңиздери менен туташат. Башкы порттору: Жданов, Таганрог, Ейск, Бердянск. Курорттору бар.