АНТИКЛИНАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:28, 11 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИКЛИНАЛЬ (анти... жана грекче klino – төмөн ийем), антиклиналь бүктөлүүсү тоо тек катмарларынын балык жон тартып бүктөлүшү. Антиклиналдын борбордук бөлүгү эзелки, ал эми чет жактары кийинчерээк пайда болгон катмарлардан турат. Антиклиналь бир нече смден жүздөгөн мге созулушу мүмкүн (к. Бүктөлүүлөр). Антиклиналдын ийилген жери – кулпусу, капталдары – канаттары, ошол канаттарынын кошулган жери октук бети деп аталат. Октук бет менен канаттардын мейкиндикте жайгашуусуна жараша тик, жантык, көтөрүлгөн жана жатып калган антиклиналь деген түрлөргө бөлүнөт. Узуну туурасынан бир нече эсе ашыктык кылса – сызыктуу антиклиналь, ал бир аз чоңураак болсо, казанбак (купол) деп аталат.