АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР (Protostomia) ‒ эмбриондук өөрчүү учурунда оозу бластопордон, б. а. дене көӊдөйүн сырткы чөйрө менен бириктирип турган биринчи тешиктен пайда болгон (тикен терилүүлөрдөн, хордалуулардан башка) бардык үч катмарлуу жаныбарлардын систематикалык тобу. Оозу денесинин алдыӊкы бөлүгүндө алгачкы оозунун ордуна жайгашкан; арткы бөлүгүндө аналдык тешиги бар. Скелети жаргак кабыктуу, хитин же раковина түрүндө. Ичеги эктодермадан өсүп, борбордук нерв системасынын ишин нерв түйүндөрү аткарат. Омурткасыз жаныбарлардын көпчүлүк типтери Алгачкы ооздууларга кирет. Мисалы, жалпак, жумуру, шакек, балык курттар, немертиндер, моллюскалар, муунак буттуулар.