АЛБАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 23 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛБАН ТИЛИ ‒ Албания Республикасынын мамлекеттик тили. Индевропа тилдеринин тобуна кирет. Болжол менен палеобалкан тилдеринен (мүмкүн, иллирий тилинен) өнүккөн болуу керек. Жазуу эстеликтеринин эскилери 15-кылымга таандык. Негизги диалектилери: гег (түндүк) жана тоск (түштүк) 19-кылымдын аягында түзүлгөн, азыркы албан адабий тилинде аталган диалектилик айырмачылыктар сакталган. Жазуу системасы латын алфавитинде, грамматикалык түзүлүшү ‒ флективдүү. Албан тилинде синтетикалык түзүлүш басымдуулук кылат, лексикасында роман, славян, жаӊы грек, түрк тилдеринен кирген сөздөр көп.

К. Саматов.