АДЫР-ТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДЫР-ТӨР МӨҢГҮСҮ Сары‑Адыр -Төр мөңгүсү - Жаз кырка тоо­сунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибин­деги мөңгү. Сары‑Жаз суусунун жогорку сол куймасы Адыр‑Төр суусунун алабында, Мушкетов мөңгүсүнүн түштүк тарабында жайгашкан. Узундугу 6 км, аянты 11,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5580 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. Абляциясынын аянты 4,2 км2. «Тили» 1943‑жылы өтө чегинип, ты­гыз абалда болгон. 1959‑жылы ал 540 мге алдыга жылып, Мушкетов мөңгүсү жаткан өрөөнгө чык­кан. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. «Ти­линин» учунан фирн облусуна чейинки бети төө ка­рын (морена) сымалданып тегиз эмес, жарака­лар арбын. Мөңгүдөн агып чыккан суу Адыр­-Төргө сол жактан куят.