АНГЛЕЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНГЛЕЗИТ [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], коргошун купоросу – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3, тыгыздыгы 6380 кг/м3. Салыштырма салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит – коргошундун негизги кенташы (рудасы).