АНАНЬЕВ кыштагы
17:04, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АНАНЬЕВ to АНАНЬЕВ кыштагы) тарабынан жасалган версия
АНАНЬЕВ, Байсоорун, Сазановка – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Ананьев айыл аймагынын борбору. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 50 км, Балыкчы темир жол бекетинен 130 км чыгыш, облустун борбору Каракол шаарынан 92 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 7807 (2009). Эки орто мектеп, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, клуб, китепкана, музей бар. Тамак-аш комбинаты, сүт заводу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.