АДСТРАТ
Jump to navigation
Jump to search
АДСТРАТ (лат. ad – жанында жанa stratum катмар, кабат) – ар түрдүү элдердин узак мезгил аралаш же жанаша жашагандыгынын натыйжасында ар башка тилдердин (эки элдин тили) бири-бирине таасир тийгизишинин тилдик системадагы жыйындысы. Адстрат субстрат жана суперстрат терминдеринен айырмаланып, тилдердин өз ара таасиринин бейтарап тиби болуп саналат. Ал этникалык жактан эки эл ассимиляцияланбайт, бир тил экинчи тилге аралашып, сиңип жок болуп кетпейт дегенди туюндурат. Адстрат кубулушу өз алдынча эки тилдин ортосундагы катмарды түзөт да, аралаш билингвизмди туюндуруу үчүн да колдонулат.