АМУ-ДАРЫЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМУ-ДАРЫЯ – Орто Азиядагы дарыя; айрым бөлүгү Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан менен Афганистандын чек аралары аркылуу агат. Панж жана Вахш дарыяларынын кошулушунан пайда болуп, Арал деңизине куярда дельтаны пайда кылат. Узундугу 1415 км (Панж дарыясынын башталышынан 2540 км), алабынын аянты 309 миң км2 (Керки шаарына чейин). Алабы тоолуу, түздүктүү бөлүктөрдөн турат, түздүктөрдө Аму-Дарыя Кара-Кум жана Кызыл-Кум чөлдөрү аркылуу агып, нугун өзгөртүп турат. Негизги куймалары: Сурхаб (сол), Кафирниган, Сурхан-Дарыя (оң). Орточо чыгымы Керки шаары тушта 2000 м3/сек (эң чоң чыгымы 9060 м3/сек, эң азы 420 м3/сек). Жаз-жай айларында суусу кирет. Суусу өтө ылайлуу (3,3 кг/м3). Төмөнкү агымында тоңот (Нукус шаары тушта 4 айга чейин). Сугатка кеңири пайдаланылат, Аму-Дарыяда Төө-Моюн жана Тахиаташ гидротүйүндөрү курулган, андан Кара-Кум жана Аму-Бухара каналдары башталат. Төмөнкү агымында балык кармалат. Чаржоу шаарынан тартып такай кеме жүрөт. Боюнда Термез, Керки, Нукус шаарлары жайгашкан.