АЛА-БУКА кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:36, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БУКА ‒ Жалал-Абад облусундагы кыштак. Ала-Бука районунун жана Ала-Бука айыл аймагынын борбору. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 230 км түндүк-батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 65 км. 1900-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1240 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 10380 (2009). Төрт орто мектеп, балдардын көркөм өнөр мектеби, 3 бала бакча, спорт мектеби, балдардын чыгармачылык үйү, борборлоштурулган оорукана (бейтапканасы менен), учук оорулар диспансери, дарыкана, мечит, спорт клубу, китепкана, музей, эстеликтер комплекси, тегирмен ж. б. бар. Айылдан 5 км түштүк-батышта Орто-Токой суу сактагычы курулган. Кыштактын түндүк-чыгышында Шах-Фазил күмбөзү (13-кылым) жайгашкан. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.