АКЦИОНЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:44, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЦИОНЕР ‒ 1) акциялардан дивиденд түрүндө пайда алуучу акция ээси. Акционер акционердик коомго акцияда белгиленген акционердик капиталдын бир бөлүгүн анын номиналдык баасы боюнча төлөйт. Акционердин башка милдеттери акционердик коомдун уставында көрсөтүлөт; 2) компаниянын капиталынын жана пайдасынын бир бөлүгүнө, директорлорду шайлоого катышууга жана башка маселелерди чечүүгө анын укугун ырастоочу сертификаттын ээси.