АКЦИЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:40, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЦИЗДЕР (лат. dere ‒ кесем) ‒ эл кеӊири керектөөчү товардын, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн баасына кошуу менен алынуучу кыйыр салыктын түрү. Акциздик товарларга алкоголдук жана тамеки продукциялары, жеӊил машиналар, зергер буюмдар, нефть продуктылары, накта булгаарыдан жасалган кийимдер, хрусталь идиштер, ок атуучу куралдар, килемдер, кофе жана какао кирет. Акциздер өндүрүүчүлөрдүн рентабелдүү товарларынан мамлекеттин казынасына түшүрүү үчүн салык акциздер салыгы деп аталат. Акциздер салыгын төлөөчүлөргө акциздик товарларды өндүрүүчү жана соодалоочу ишканалар кирет. Салык өз убагында айдын он бешинен кечиктирбей төлөнөт. Акцизддик чендери чен коюу методу боюнча төмөнкү түрлөргө: туруктуу, өзгөчө (абсолюттук суммада) жана адвалордук (% менен) болуп бөлүнөт. Зергер буюмдардан жана жаратылыш газынан башка акциздик товарлардын бүт түрүнө өзгөчө чен колдонулат. Чендин түрлөрүнө карата акциздер салыгы: бирдиктүү акциздер ‒ баасы жана сапаты жагынан аз айырмаланган сорттогу товарларга; дифференцияланган акциздер ‒ ар түрдүү мааниде: сапаты, күчү (вино) боюнча классификацияланган товарларга; орточо акциздер ‒ баалары сортторуна жараша ар түрдүү болгон (тамеки түрү) бир типтүү товарларга ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Кыргызстанда акциздер салыгынын формасы, убактысы КРдин Өкмөтү тарабынан белгиленет, к. Салыктар .