АЛКАК УБАКЫТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:43, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛКАК УБАКЫТЫ ‒ жер бетин меридиандар боюнча 24 алкакка бөлүү аркылуу (15° узундук боюнча) аныкталуучу күн убактысы. Эсептөө батыштан чыгышты карай нөл алкагы ‒ Гринвич меридианынан башталат. Бир алкактын ичинде жаткан бардык жердеги убакыт бирдей деп алынат. Ал коӊшулаш жаткан алкактардан 1 саатка айырмаланат. Айрым алкактардын өз аттары болот; мисалы, нөл алкагы ‒ батыш европалык (дүйнөлүк), 1-алкак ‒ ортоңку европалык, 2-алкак ‒ чыгыш европалык алкак убакыты деп аталат. Алкак убакыты алгачкы жолу 1883-жылы АКШда кабыл алынган. Кыргызстандын аймагы 5-алкакта жайгашкандыктан бүткүл дүйнөлүк убакыттан (Лондон шаарынан 5, Москва шаарынан 3 саатка) айырмасы болот; Лондондо, Москвада саат 6 болгондо Бишкекте саат жебеси 11ди жана 9ду көрсөтөт.

АЛКАК УБАКЫТЫ79.png