АКВАЛАНГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:39, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКВАЛАНГ (лат. agua – суу, анг. lung – же­ңил) – адамдын суу астында дем алышы үчүн жонуна асынып жүрмө автономиялуу аппарат. 1943‑жылы француз Ж. И. Кус­то менен Э. Ганьян ой­лоп чыгарган. Кысыл­ган абалуу баллондон жана дем алдыргыч ап­параттан турат. Көбүнчө суу астындагы спортто, чөгүп бараткан­дарга жардам берүүдө, суу астындагы изилдөө иштеринде, техникалык жумуштарда, балык уулоодо ж. башкаларда колдонулат. Бирок, кысылган абадагы азот адамга талыкшытуучу терс таасир тийгиз­гендиктен, аны менен 40 м тереңдиктен төмөн түшүүгө болбойт.

АКВАЛАНГ37.png

Аквалангдын түзүлүшү: 1- аба толтурулган бал­лон; 2- дем алдыруучу автомат; 3- дем алды­руучу түтүк; 4- дем чы­гаруучу түтүк; 5- томо­го; 6- кур.