АКБАЕВ Абды

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:35, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКБАЕВ Абды (1928‑жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Комсомол айылы) – химия илимдеринин док­тору (1996), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуу­чусу (1969), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1973). Фрунзедеги пединститутту бүтүргөн (1948). 1954‑жылга чейин мектепте химия мугалими, 1954‑жылдан аспирант, ан­дан кийин илимий кызматкер. 1994‑жылдан КР УИАнын химия жана химиялык-технология институтунун улук илимий кызматкери. 150 илимий эмгектин, анын ичинде 65 ой­лоп табуунун (патенттин) автору.

Эмг.: Взаимодействие солей тяжелых металлов с азотосодержащими соединениями и синтез физиологи­чески активных веществ. Ф., 1984.