АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА
Jump to navigation
Jump to search
АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА - жазуучулардын бардык чыгармаларынын жана алардын ар кандай варианттарынын комментарийлер менен жабдылган толук басылышы. Мындай басылыш белгилүү окумуштуулар тарабынан же алардын катышуусу менен ишке ашырылат. Текст сунуш кылууда автордун кол жазмаларынан, анын өзгөрткөн кошумчаларынан, бир эле чыгарманын бир нече варианттарынан жана башка редакцияларынан пайдаланылат. Академиялык басылмада текстке илимий түшүндүрмө берилет, иштөөдө пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн илимий-маалыматтык аппарат менен коштолот. Мындай басылыштан бардык илимий аталыштагы эмгектер чыгарылат (мисалы, С. Каралаев менен С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун академиялык басылыштары ж. б.).