АК ШОР
Jump to navigation
Jump to search
АК-ШОР ‒ Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төө-Моюн айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Араван кыштагынан 32 км батыш тарапта, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 33 км. 1968-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 655 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3279 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, китепкана, кинотеатр, кафе бар.