АК-ТҮЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:27, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТҮЗ ‒ Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак (2012-жылга чейин шаарча). Ак-Түз айыл аймагынын борбору. Аймактагы жалгыз кыштак. Кичи Кемин өрөөнүндөгү Ак-Түз капчыгайынын төрүндө, деӊиз деӊгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак ушул жердеги түстүү металл кендерин өздөштүрүүнүн натыйжасында 1938-жылы отурукташкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин шаарынан 45 км түндүк-чыгышта, Токмок шаарынан 80 км, Бишкек шаарынан 140 км чыгыш тарапта. Калкы 679 (2022). Ак-Түз мамлекеттик акционердик коому, «Айнур» заводунун филиалы иштейт. Орто мектеп, оорукана, бала бакча, 2 китепкана бар.