АК-СУУ Лейлек районундагы суу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ ‒ Лейлек районундагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 93 км, алабынын аянты 1170 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы Ай-Көлгө жакын жерден башталып, адегенде тереӊ жана кууш капчыгай аркылуу түштүк-батышты карай агып, андан кийин түндүктү көздөй бурулуп, Фергана өрөөнүнө чыгат. Жогорку агымы Зардалы деп аталат. Ири куймалары: Сумбула, Дакат-Суу ж. б. Майда кирип, июлда ташкындайт да, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 3,81 м3/сек; эӊ көбү ‒ 13,6 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,17 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Андарак кыштагы, Нау шаары (Тажикстан) жайгашкан.