АК-СУУ - Аксы районундагы кыштак.
17:29, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) (Adina moved page АК-СУУ -Аксы районундагы кыштак. to АК-СУУ - Аксы районундагы кыштак.) тарабынан жасалган версия
АК-СУУ ‒ Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак, Ак-Суу айыл аймагынын борбору. Бозбу-Тоонун түштүк этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 75 км түштүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 35 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 2645 (2009). Негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Т. Үмөталиев, Социалисттик Эмгектин Баатыры Э. Андабеков туулган.