АК-САЙ АКИТАШ ЖАНА ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ АКИТАШ ЖАНА ЧОПО КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 15 км түштүк-чыгышта, деӊиз деӊгээлинен 1700‒2300 м бийиктикте. 1975‒79-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен эки бөлүктөн турат. Цементтин карбонаттык түзүүчүсү ‒ акиташ тектери кендин түндүгүндө, Ак-Сай суусунун оӊ жээгинде, Борду тоосунда жердин үстүнө чыгып жатат. Цементтин чополуу түзүүчүсү ‒ кумайлуу топурак кендин түштүгүндө Ак-Сай суусунун сол куймалары Суук-Булак, Суу-Булак, Даӊгы сайларынын баш жагында жайгашкан. Акиташ тектеринин жалпы калыӊдыгы 450 м. Кумайлуу топурактын калыӊдыгы 72 мге чейин. Акиташтын химиялык түзүлүшү туруктуу. Технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде кендин акиташ жана кум топурак тектери «400», «500» маркадагы портланд-цемент алууга жарамдуу экендиги аныкталган. Акиташтын запасы А категориясы боюнча 31172 миӊ т, В‒57086 миӊ т, С1‒130091 миӊ т, А+В+С1‒218349 миӊ т, С2‒160958 миӊ т. Ачуу коэффициенти 0,5 м3/т. Кумайлуу топурактын запасы А‒6824 миӊ т, В ‒ 15068 миӊ т, С1‒11760 миӊ т. А+В+ С ‒ 33652 миӊ т.