АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ – айыл чарба өндүрүшүндө трактор, комбайн ж. б. машинелерди жана шаймандарды колдонуу жолу менен кол эмгегин механикалаштыруу процесси. Мында жер кыртышын терең айдоо, бир эле убакта үрөн себүү жана жер семирткич чачуу, өсүмдүктөрдү азыктандыруу ж. б. жумуштарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруунун негизинде эмгек өндү­рүмдүүлүгү 5‑6 эсе өсүп, күч жумшоо 4 эсе төмөндөйт. Айыл чарба өндүрүшүндө асма машинала­ры жана шаймандары чиркеме машиналарга ка­раганда көп колдонулат. Анткени асма маши­налар жеңил келип, колдонууга ыңгайлуу. Мында тартуу күчү аз талап кылынат жана агрегат тез-тез бурулуп иштөө кыймылы жогору. На­тыйжада күйүүчү май 10-15% ке аз сарпталат. Айыл чарбасын механикалаштыруунун теориялык жана эксперименттик негизде­рин орус илимпозу ВАСХНИЛдин академиги В. П. Го­рячкин биринчи болуп түзгөн. Тоют даярдоодо тоют иштетүүчү, таратуучу жана сапатын тек­шерүүчү өзү жүрмө машиналар колдонулат. Ме­ханикалаштыруунун эң жогорку түрү – айыл чарба өндурүшүн автоматташтыруу менен катар электрондук-пландоо ж. б. эсеп-кысап иштери да механикалаштырылат. Ы. Ж. Осмонов.