АЛАМҮДҮН ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН ЧОКУСУ ‒ Кыргыз Ала-Тоосунун эӊ бийик жери. Ала-Арча менен Аламүдүн капчыгайларынын баш жагын бөлүп турган Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк-батышты көздөй кеткен тармагынан орун алган. Бийиктиги 4875 м. Тик капталдуу, үстү тайпак келип, дайыма кар, мөӊгү жатат. Палеозойдун ар түрдөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет.