АЛАЙ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:08, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙ РАЙОНУ Ош облусунда. Район 1928-жылы Алай‒Гүлчө району болуп уюшулган; 1936-жылы андан эки район бөлүнгөн ‒ Алай району жана Чоӊ Алай району; 1959-жылы алар кайра биригип, Алай району болгон. 1992-жылы кайра

АЛАЙ РАЙОНУ24.png

эки районго ‒ Алай жана Чоӊ Алай райондоруна бөлүнгөн. Район облустун эӊ түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Кара-Кулжа жана Өзгөн, батышынан жана түндүк-батышынан Кара-Суу, Ноокат жана Чоӊ Алай райондору, түштүгүнөн Тоолуу Бадакшан облусу (Тажикстан) менен чектешет. Аянты 7,6 миӊ км2 (Ош облусунун аймагынын 26,0%). Калкы 72,2 миӊ (2009). Борбору ‒ Гүлчө кыштагы. Район 14 айыл аймагына бөлүнөт. Райондо 62 кыштак бар.
Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) менен Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түндүк бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоӊ Алай кырка тоосу (эӊ бийик жери ‒ 7137 м, Ленин атындагы чоку) менен курчалган. Райондун деӊиз деӊгээлинен эӊ жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөӊ, мрамор, курулуш материалдары, минералдуу жана ысык булактар ж. б. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы Гүлчө өрөөнүндө ‒7,5°С, Алай өрөөнүндө ‒14,4°…‒17,5°С, июлдуку Гүлчөдө 18,9°С, Алайда 9‒15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Ири мөӊгүлөрү: Корженевский, Ленин ж. б. Суу тармактары жыш; ирилери: Гүлчө, Кызыл-Суу, Көк-Суу ж. б. Райондун түндүк-чыгыш бөлүгүн жана орто бийиктиктеги тоолордун түндүк капталдарын карбонаттуу күрөӊ топурак ээлеп, буудайыктуу жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Ушул эле бийиктиктеги тоо капталдарынын чыгыш экспозицияларын майда дүӊгөлүү, бетегелүү жана бетеге-дүйүм чөптүү талаа ээлейт. Талаа жана шалбаалуу талаа алкактары бийиктеген сайын токой жана шалбаа алкактарына өтөт. Тоо капталдарынын түндүк жана чыгыш экспозицияларынын тескей беттеринде (күӊүрт-коӊур тоо-токой топурагында) арча жана сейрек токой өсөт. Тоо-талаа топурактуу субальп жана альп алкактарында субальп жана альп шалбаалуу талаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Кууш капчыгайларда бадал (ит мурун, табылгы, изирик ж. б.), суу жайылмаларында чычырканак, тал, терек ж. б. кездешет. Нивалдык алкакта рихтерия, мамыры чөп ж. б. өсөт. Баалуу айбанаттарды коргоо жана көбөйтүү максатында Куршап суусунун жайылмасында Гүлчө заказниги уюшулган.
Райондо облустун калкынын 6,9%и жашайт (2003). Төрөлүүнүн деӊгээли 20,3‰, өлүм-житим ‒ 41,1‰, табигый өсүш ‒ 16,2‰ түзөт. Калкынын 44,7%и эмгек жашына чейинкилер, 47,5%и эмгек жашындагылар, 7,8%и ‒ эмгек жашынан өткөндөр. Калктын орточо жыштыгы 1 км2жерге 9,0 киши.
Алай районунун экономикасынын негизин мал чарбасы жана дыйканчылык түзөт. Жалпы жер фонду 7582,0 миӊ га (2004), анын айыл чарбага жарактуу жери 409,0 миӊ га (жеринен 53,9%). Анын басымдуу бөлүгү (387,9 миӊ га) жайыт. Айдоо аянты 5,0 миӊ га, анын 1,3 миӊ гасы сугат жер; 38 га көп жылдык өсүмдүк, 7,9 миӊ га чабынды. Дан (4,4 миӊ га, анын ичинде буудай ‒ 3,2 миӊ га), картошка (0,5 миӊ га), май алынчу өсүмдүктөр (227 га), жашылча (244 га) айдалат.
Райондо 5 өндүрүштүк (макарон, самын чыгаруучу, жыгач иштетүүчү, көмүр казып алуучу) жана дан эгиндерин кайра иштетүүчү 38 кичи ишкана иштейт. Район облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,8%ин берет.
Негизги транспорту ‒ автомобиль. Анын аймагынан эзелтен эле Орто Азия өлкөлөрүн Кытай, Индия, Пакистан, Афганстан менен байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн. Негизги автомобиль жолдору: эл аралык маанидегилери Ош ‒ Хорог, Сары-Таш ‒ Дароот-Коргон ‒ Дүйшөмбү (Тажикстан), Сары-Таш ‒ Эркеч-Там ‒ Кашгар (Кытай). 2003-ж. автомобиль транспорту менен 226,6 млн т жүк, 23,5 млн жүргүнчү ташылган.
2003/04-окуу жылында 38 орто, 4 толук эмес орто, 6 башталгыч мектеп, 1 кесиптик-техникалык лицей болгон. Райондо 1 борбордук жана 3 участкалык оорукана, 25 ФАП, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 аптека, маданият үйү, 11 клуб, 1 райондук, 30 айылдык китепкана, 1 тарых музейи бар.
И. Егембердиев, А. Мырзаев.