АЙТЫМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙТЫМ – байыркы кезде ыр деген сөздүн ордуна колдонулган. Азыр да кытайлык кыргыздар көбүнчө ыр дебей айтым дейт, мисалы, эмгек айтымы, эм-дом айтымы ж. б. «Айт» деген буйрук этиштен келип чыккандай. Уйкаштыгы катуу сакталбаган, эркин, кара сөзгө жакын, элдик ырым-жырымдарга байланышкан чыгармалар. Мисалы, «Нооруз айтымы» дегенди окуп көрөлү: Быйыл кар калың түштү, Кыш оор келди, Бирок Теңирим жалгап, Калкыбыз кыштан аман чыкты. Кысырек жалдуу калды, Кыз эмчектүү калды, Боз улан богоктуу калды...Боз токту куйруктуу калды... Эми минтип кыш кетти. Кош бол, кышым! Жаз келди. Арыба жазым! Жаңы жыл кирди. Куш келипсиң, жаңы жыл! Ылайым, баарыбызга бактылуу жыл бол,Токчулуктун жылы бол, Барчылыктын жылы бол, О-о-мийин!