АЙМАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙМАК – жер бетинин өзүнө мүнөздүү табигый, ошондой эле адамдын таасиринен пайда болгон касиеттери жана ресурстары бар белгилүү бир бөлүгү. Айрым чет өлкөлөрдүн административдик-аймактык бирдиги (мис., Монголияда, Тувада, Бурятияда, Дагестанда). Башка тилдерде аймак – уруу, урук‑тукум, эл‑журт (фарсы, эвенк, якут), кыштак, маала, коом (азербайжан), айылдын чети (татар, мари), көп (башкырт) деген маанилерди берет.